«Дарак ыры» тарыхый кино-дастаны
«Дарак ыры» тарыхый кино-дастаны 1-марттан тартып элге көрсөтүлө баштайт. Бул кыргыз киносунун тарыхындагы мюзикл жанрында тартылган биринчи фильм. Тарыхый кино-дастанга миңден ашык актер, актрисалар тартылды. Азыркы тапта фильм монтаждалып жатат.
Тасма тартуу иштери кандай шартта тартылып жана канча убакытка созулган?
"Дарак ыры" тасмасы эки жарым айдай тартылып, жалпысынан 1200дөн ашык киши тартылды. Күнүнө кино тартуу аянтчасында орто эсеп менен 70тен ашык киши жүрдү. Кээде 150гө чейин адам тартылган учурлар болду. Тасмага негизинен профессионал актерлер, эстрада ырчылары катышты. Тартуучу топтун курамы дагы өз ишин мыкты билгендер болчу.
Тасма тарыхый мюзикл болгондуктан тарыхый деген сөздүн аркасында көп каражат деген сөз да жашынып турат.
Кино тартыла турчу аймакты тандаганда дагы азыркы заманбап инфраструктуралар көрүнбөгөн жерлер изделди. Беш жолу экспедицияга чыгып жатып, акыры Нарын облусунун Кочкор районундагы Сарала-Саз жайлоосу тандалды. Бул жерде бир күндө жылдын төрт мезгилин көрүүгө болот. Актерлорду, декорацияны, формаларды уюштуруп алып баруу бир топ эле кыйынчылык жаратты. Тасманы "Централ Азия фильм" студиясы жана россиялык Cinetrain компаниясы менен биргеликте тартылды.
Айбек Дайырбеков, «Дарак ыры» тарыхый кино-дастандын режиссёру.
Айбек Дайырбеков:
Азыркы учурда студияда акыркы иштер, тактап айтканда фильмди топтоо процесси жүрүп жатат. Топтоочусу Элдияр Мадаким. Кадрларда тоолор, кең жайлоолор, ат жалында ойногон жигиттер, насаатын ыр менен айткан ак сакалдарды көрүүгө болот. Айтмакчы, фильмде колдонулган ырларды Марат Ибраев, Нурчолпон, Адилет Азимов, Таалайкан Абазова, Мээрим Карыповалар ырдаган.
Кино-дастанда XVIII - кылымдын аягында болгон окуялар чагылдырылат. Башкы ролдорду Темирлан Сманбеков, Өмүрбек Израилов, Жылдызбек Касеинов, Салтанат Бакаева, Илимбек Калмуратов сыяктуу актёрлор жараткан. Роль жаратуучулардын арасында казак актерлору дагы бар.
Толкун Дайырбекова
«Дарак ыры» тарыхый кино-дастанынын продюсери
Мен үчүн дебют, биринчи жолу киного продюсерлик кылдым. Кинодо болгон нерсенин бардыгы мен үчүн жаңылык болду. Айбек Дайырбеков менен чогуу жашаганыбызга 11 жыл болуптур, ушул убакыт ичинде кино тартылып жаткан жерге бир эле жолу барыптырмын.
Айбек Дайырбеков:
7 жыл ичинде тасманын сюжетин бышырдым. Сюжеттин баш-аягын таап алсаң, сценарий жазуу жеңил болот. Жети жыл мурун эле мюзикл тартыш керек деген ой жашап жүргөн. Сценарийдин биринчи вариантын жаздым, экинчисин жаздым. Жалгыз жазганга күчүм жетпей, кесиптеш агаларга кайрылдым. Акыры Садык Шер-Нияз агабыз бир сыйра окуп көрүп, чогуу жазышты. Баш-аягы сценарийди жарым жылда бүтүрдүк. Ошентип бешинчи сценарий менен тасманы тарттык.

Кино-дастанды тартуу чоң эмгекти талап кылды
Миңден ашык актёр, 200дөн ашуун комплект улуттук кийимдер. Кино-дастанды тартуу көп түйшүктү талап кылган. Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу тартылган "Дарак ыры" тарыхый кино-дастаны Сарала-Саз, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сары-Ой, Кажы-Сай, Суусамыр, Өтмөк жайлоолорунда жана Бишкектин чет жакаларында 2 жарым айда тартылып бүткөн.
Тасмада кыргыздын улуттук аспаптары — комуз, сыбызгы, кыл кыяк, ооз комуз, чоор жаңырган. Ошондой эле байыркы аспаптардын катарын толуктаган жетигендин үнүн угууга болот.
Башкы каармандардын образын кыргыз актёру Өмүрбек Израилов менен казак актрисасы Салтанат Бакаева аткарышты.
"Дарак ыры" кино дастаны Централ Азия Фильм студиясы жана Cinetrain кино компаниясы менен биргеликте тартылган тасма. Тасма бюджети чоң болгондуктан, инвестор тартууга туура келген. Аталган компания менен сүйлөшүүлөр көпкө чейин жүргөн. Негизги съемкалар көрсөтүлгөндөн кийин гана кызыгуу жаралып чогуу иштешүүгө кол коюшкан. Cinetrain компаниясы 50дөн ашык эл аралык кинофестивалдарда сыйлыкка татыган.
"Дарак ыры"
ЖАЛПЫ 220 КОМПЛЕКТ УЛУТТУК КОСТЮМДАР "КИЙИЗ ДҮЙНӨ – КӨЧМӨН РУХУ" ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ТИГИЛГЕН.
Тасмада костюмдар боюнча өз ишин мыкты билген сүрөтчүлөр иш алып барышты. Башка тасмаларда бир сүрөтчү болсо, "Дарак ыры" тасмасында Айдай, Нуржамал Асангуловалар жана Дөөлөт Рысбаев кол кабыш кылды. Жалпысынан 220 костюм тигилди. Башкы каармандардын кийимдерин чоң экрандан машинанын тигиши көрүнүп калат деп колго тигишкен.
Толкун Дайырбекова:
Башында жайлоого баргандардын бардыгы чүчкүрүп-бышкырып сасык тумоолошкон. Кийин өзүбүз кошо чуркап, күрмө, төшөктөрдү көтөрүп алып актерлорду жаап кымтылап жүрдүк. Кино тарта турчу жерден "баштадык" деп кыйкырганда кийимдерин чечип ыргытышат. Кудайга шүгүр, актерлердун бардыгы үйүнө аман-эсен келишти.
Тасма каармандары ысык-суукка карабай аягына чейин чыдап киного тартылышты.
Бул фильм Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиянын кино тармагында жаңылык болууда. Фильмдин негизги идеясы - адам менен жаратылыштын байланышы. Негизги тема: сүйүү.
Тасмадан үзүндү
"Дарак ыры" кино дастаны тууралуу маек
Өмүрбек Израилов, тасмадагы башкы каарман:
Актерлорду тандоо узакка созулду. Режиссер тасмада роль жаратып, ошол эле учурда ырдаган актёрду издеди. Биринчи "өттүң" дегенде ишенген жокмун. Мага да бир чети кызык болду. Тарыхый мюзикл болсо "дайыма эле ырдай беребизби" деген ой келди.
Тартуу иштери башталганда каармандын образын жакшы берип жатамбы, кандай ойноп жатам деп түйшөлдүм. Ыр, музыка бизге образга киргенге аябай жардам берди. Бул жагынан жеңил болду. Бардыгы режиссёр ойлогондой тартылды деп ойлойм.
Тасманын бир жеринде Өмүрбекти шапалак менен сабаган жер бар. Бул эпизодду тартууда актёр коргоочу атайын кийимди кийиши керек эле. Бирок "камерага көрүнүп калат экен" деп чечип салган.

Өмүрбек Израилов: Коргоочу кийимди кийсем ийини томпоюп чыгып калат экен. Ары-бери кыймылдаганда ыңгайсыздык жаратып, чабылган соккуларды сезбей жаттым. Каарманымдын образын чындыкка жакындатып ачып берейин деп коргоочу кийимди чечип салдым.
«Дарак ыры» тарыхый кино-дастаны 1-марттан тарта көрөрмандардын назарына тартууланат.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website